Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Ошто жеке ишкер Чубак Жалилов атындагы китепкана ачты


Ош облусунда ишкер Зафарбек Мирбобоев диний ишмер, маркум Чубак Жалилов атындагы китепкана ачты. Ал жерге эки миң чамалуу диний, адабий жана дүйнөбий илимдерге байланыштуу китептер коюлду. Уюштуруучулар китепкана акысыз кызмат көрсөтөрүн "Азаттыктын" кабарчысына айтышты.

Китепкана Кара-Суу районунун Нурдар айылында 29-октябрда ачылды. Ага диний аалымдар, Чубак Жалиловдун атасы жана уулу катышты.

Китепканадагы китептер - кыргыз, өзбек, орус, англис жана түрк тилдеринде.

Борбор Азияга таанымал диний ишмер, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов 2020-жылдын 11-июлга оогон түнү 45 жашында пневмониядан каза болгон. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG