«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 1-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,
Ош, Жалал-Абад аймагында түнкүсүн 0...5, күндүз 16...21,
Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 13...18,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3° болот.
Бишкек шаарында 1-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18° жылуу болот. (ErN)