Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Парламент аппараты менен депутаттардын маянасы кечикти


Жогорку Кеңештин депутаттары учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында иштеп жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаттары учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында иштеп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө жана парламенттин аппаратынын кызматкерлерине октябрдын айлыгы берилбей калганын өзүнүн "Телеграмдагы" каналына жазды.

Ал бул билдирүүсүн «Азаттыкка» да ырастап, адатта маяна ай бүткүчө берилип келгенин, бул ирет кызматкерлер акча албаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова бул маалыматты ырастап, анын себептерине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, 5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган.

«Натыйжада Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын убагында берүү кечеңдеди. Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет»,-деди Куралбекова.

2019-жылы Жогорку Кеңешке бюджеттен 784 млн. 794,8 миң сом бөлүнгөн. Парламент анын 776 млн. 750,3 миңин иштеткен. Быйыл бюджеттен парламенттин ишмердүүлүгүнө 694 млн. сом каралган. (ErN)

XS
SM
MD
LG