Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Садыр Жапаров Измирдеги кырсыкка байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты


Түркиянын Измир аймагында катталган жер титирөөнүн кесепеттери. 30-октябрь, 2020-жыл.
Түркиянын Измир аймагында катталган жер титирөөнүн кесепеттери. 30-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктарына жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик сайт кабарлады.

«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрда Түркиядагы жер силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга жакындады. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашканы кабарланды. Измир шаарында бир топ имараттар кыйрап калды. Сеферихисар аймагында суу ташкын болду.

Мындан тышкары Измирдеги зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 42 кишиге жетти. 900гө жакын адам түрдүү жараат алды.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирүү таратып, «Түркиядагы зилзалада кыргызстандыктар жабыркаган жок» деп маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG