Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

COVID-19: Дагы беш адам каза болду, 565 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 565 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 1-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын экөө Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Бирөө Ош облусунун жашоочусу.

Жаңы учурлардын көбү Жалал-Абад облусуна (133) жана Бишкек шаарына (119) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон, айрымдарында 70-80ден катталды.

1-ноябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 426 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 59 443 кишиге жукту. Анын 50 409 айыкканы айтылды. Вирустан 1 150 адам кайтыш болду.

Учурда 3386 бейтап стационарда, 3905 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG