Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Молдовада президенттик шайлоо өтүп жатат


Молдова. Талапкерлердин биринин баннери. Иллюстрациялык сүрөт.
Молдова. Талапкерлердин биринин баннери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 1-ноябрда Молдовада президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө президенттигине сегиз талапкер ат салышууда.

Шайлоо бюллетиндеги катар номер менен алганда Ренато Усатый («Биздин партия»), Андрей Нэстасе («Платформа DA» партиясы), Тудор Делиу (Молдавиянын либерал-демократиялык партиясы), азыркы президент Игорь Додон (көз карандысыз кандидат), Виолетта Иванова («Шор» партиясы), Майя Санду («Аракет жана тилектештик» партиясы), Октавиан Цыку («Улуттук биримдик партиясы») жана Дорин Киртоакэ («Unirea» («Бирикме») шайлоо блогу) шайлоого баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды уюштуруп ташып келүүнү алдын алуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттордун кыймылына чектөө киргизди.

Улуттук транспорт агенттиги бул күнү жүргүнчүлөрдү автоунаа жана кичиавтобустар менен ташыгандарды текшермекчи. «Интерфакс» кабарлагандай, бул күнү кадимки каттамдагы автобус жана кичиавтобустардын жүрүшүнө гана уруксат берилген.

Шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө шартта өтүп жатат. Добушканага келген ар бир жаранга коргоочу беткап берилип жатат, ар бир адам өз калемсабы менен келиши шарт. Шайлоочулардын баарынын денетабы текшерилип турат.

Президенттик шайлоого көз салуу үчүн 1887 жергиликтүү байкоочу жана 310 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.

Социологиялык сурамжылоолорго жана болжолдорго ылайык, президенттик мандаттын тагдыры экинчи турда чечилет деп эсептелүүдө. Экинчи тур 15-ноябрда өтөрү, ал айлампада негизги талапкерлер – президент Игорь Додон менен мурдагы премьер-министр Майя Сандунун ортосунда таймаш болот деп болжонууда.

2016-жылы ушул эле эки талапкер экинчи турда таймашкан. Додон 1-турда 48% алып, Сандуну 10 миң добушка гана ашып өткөн. Экинчи турда ал атаандашынан 4% (67 миңдей шайлоочу) ашыгыраак добуш алып, президент болуп калган. 2020-жылкы шайлоодо да ушундай кырдаал кайталанышы мүмкүн деп болжолдонууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG