Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:59

2-ноябрга карата аба ырайы: жамгыр жаабайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 2-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 6...11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 14...19,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2° болот.

2-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18° түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG