Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстан быйылкы 4,1 миллиард сомдук тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартууну суранууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөй турган төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат. Бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын Финансы министрлиги кабарлады.

Министр Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдиргендей, кыргыз өкмөтү карыз акчаны жеңилдетилген мөөнөттөн кийин төлөй баштоону сунуш кылууда:

«Биз бүгүнкү күндө Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 4,1 миллиард сомго жакын акчаны пролонгациялоо (кийинки жылдарга жылдыруу) боюнча келишимдер азыр каралууда. Быйыл, эмдиги жылы бизге жеңилдетилген мөөнөт болот. Кийинки үч жылда быйылкы жылган акчабызды төлөп беребиз».

Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% - тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган. (RK)

XS
SM
MD
LG