Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Беларус бийлиги митинг учурунда асманга ок атканын моюнга алды


Минск.
Минск.

Беларустун борбору Минск шаарында жекшемби күнкү нааразылык акциясында 200дөн ашуун адам кармалды. Миңдеген демонстранттар өлкө башчысы Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана президенттик кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

«Азаттыктын» беларус кызматы Беларустун журналисттер ассоциациясынын маалыматына таянып кабарлагандай, кармалгандардын арасында төрт журналист бар, алардын экөө катуу сабалды.

Күч кызматкерлери демонстранттарга каршы кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонушту. Бийлик бир нече жолу асманга ок атылганын моюнга алып, мындай чара «уруксат берилбеген иш-чара учурунда тартипти камсыз кылыш үчүн жасалды» деп билдирди.

9-августта өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке шайланганын жарыялаган соң оппозиция ага макул болбой, нааразылык акцияларын баштаган. Ушуну менен 12-жекшемби ири митинг өтүп, жүздөгөн адамдар кармалды, алардын айрымдары кыйноого кабылганын эл аралык уюмдар бир нече жолу билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG