Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:07

Мирзиёев 10 000 кадам жөө жүргөндөргө акча бөлүүгө убада берди


Самаркандда тартылган сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чыгарган жаңы жарлыкка ылайык, бир күндө 10 000 кадам жүргөн адамга өкмөттөн 3000 сум берилет.

3000 сум кыргыз валютасында 25 сомдун тегерегиндеги акча болот.

Жаңы планга ылайык, күнүмдүк акы чогулуп отуруп, ай сайын ар бир райондо жана шаарда эң көп жөө жүргөн кишиге 300 миң сум ыйгарылат. Ал эми облустагы эң көп жөө баскан адам 500 миң сум, республика боюнча эң көп баскан жаран миллион сум алат.

Акчалай сыйлык каралган «Сергек жашоо» платформасы 2021-жылдын 1-мартына чейин иштелип чыгат. Ага 18 жаштан өткөн өзбекстандыктар катышса болот.

Сыйлыкка каражат бюджеттен бөлүнөт.

Азырынча ким канча жөө басканы кандай ыкмада аныкталары тууралуу эрежелер так эмес.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG