Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Онкология борбору карантинге жабылды


Онкологиялык борбор.

Улуттук онкология жана гематология борборунда онкологиялык оорулары бар бейтаптарды пландуу жаткыруу токтотулду. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады. Аталган борбордун №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, чоң адамдардын гематология жана онкология бөлүмү, анестезиология жана реанимация бөлүмү COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар жана кызматкерлер бар болгонуна байланыштуу карантинге жабылды. Тез жардамга муктаж болгон бейтаптарды жаткыруу кадимки режимде жүргүзүлөт.

«Химиотерапияны бөлүмдөрдө алган бейтаптар, аны ала беришет. Кайрадан кайрылгандар поликлиникадан кабыл алынат, ошондой эле ал жерде амбулатордук шартта химиотерапия алган бейтаптар дарыланат. Оор абалда бейтаптар кайрыла элек, алар профилдүү бөлүмдөргө жайгаштырылат», - деп билдирди УОжГнын убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева.

Онкологиялык илдети барларга атайын медициналык жардам көрсөтүш үчүн УОжГнын ичиндеги бөлүмдөрдө орун алмаштырылууда. Балдарды амбулатордук түрдө кабыл алыш үчүн №4 корпустун бир бөлүгү, кайрадан келген балдар үчүн №12 бөлүмдүн бир бөлүгү берилди. Онкогематология бөлүмүнүн 2-кабаты тез жардамга муктаж бейтаптарды жаткырыш үчүн берилди.

УОжГнын ооруларды текшерип жана диагноз койгон бейтапканасы штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргызстанда жылына үч миңдей адамдан өсмө оорулары аныкталат, алардын жарымынан көбү оорусу күчөп кеткен стадияда дарыгерлерге кайрылат. Жалпы каттоодо 25 миңден ашуун өсмө оорулуу турат. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG