Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө


«Курманжан датка» спектакли.
«Курманжан датка» спектакли.

Кыргызстанда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Маданият ишмерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келет.

Бул күнгө байланыштуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады. Жапаров куттуктоо сөзүндө театр, кино, сүрөт, музыка жана жалпы маданият жаатындагы өнөр адамдарына ыраазычылык билдирди.

«Маданият - коомдук жүрүм-турумдун, эреже-тартиптердин системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элибиздин дүйнө таанымынын казынасы. Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз», - деди Жапаров.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында 20 театр иштейт. 2019-жылы 1600 спектакль жана ар кандай оюн-зоок коюлган. Маданият тармагында 12 миңдей адам эмгектенет.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары маданият тармагы өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары гана оңоло баштаганы айтылат. Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. (TSh)

XS
SM
MD
LG