Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Мал уурдоодон кыргызстандыктар 46 миллион сомдон ашуун зыян тартты


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда уурдалган малдан эл тарткан чыгым 46 миллион 744 миң сом деп эсептелди. Анын 26 миллион 987 миңи кайра калыбына келди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча «мал уурдоо» фактысы менен 793 арыз түшүп, 550сүнүн бети ачылды.

Курамына 112 киши кирген 51 уюшкан кылмыштуу топ аныкталды. Жалпысынан 1973 баш мал уурдалып, анын 1055и табылган.

Аталган министрлик мал уурулардын бетин ачууда жабыр тарткан мал ээлери милицияга кечигип кайрылгандыктан, көп учурда кылмыштын бетин ачуу кыйын болуп калып жатканын билдирди.

Кыргызстанда акыркы күндөрү эттин баасы кескин көтөрүлүп, коңшу Өзбекстан, Тажикстанга мал экспорттолуп жатканы айтылууда. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG