Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Кабул университетиндеги кол салуудан 19 адам каза болду


Ооганстандагы Кабул университетине согушкерлер кол салып, 19 адам каза болду, 22 адам жараат алды. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин атышуусу беш саатка созулду. Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариандын маалыматы боюнча, окуу жайынын имаратына үч куралчан согушкер кирип келип ок аткан. Аларды коопсуздук күчтөрү атып өлтүргөнү кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуу жайдын имаратында гранаталар жарылып, тынбаган атышуу угулуп турду. «Талибан» кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид 2-ноябрдагы терактка тиешеси жок экенин билдирди.

Бүгүн окуу жайда ооган-иран китептеринин жармаңкеси өтмөк, ага бир катар жогорку даражалуу кызматкерлер катышары кабарланган.

НАТОнун Ооганстандагы өкүлү Стефано Понтекорво бул терактты айыптады.

2-ноябрда Кабулдагы окуялардан тышкары Гилменд провинциясында минанын жарылуусунан жети киши мүрт кетти.

Былтыр ушул кампустун алдында жардыруу болуп, сегиз адам каза тапкан. 2016-жылы согушкерлер Америкалык университетке кол салып, 13 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG