Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Бабанов: Конституциялык кеңешмеге саясий куугунтук көргөндөр да кирсе туура болот


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда конституциялык реформаны талкуулай турган топтун курамына саясий куугунтукка кабылгандар да кириши керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 2-ноябрда «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телекөрсөтүүсүндө айтты. Бабанов конституциялык кеңешменин курамына кирүүгө өзү да даяр экенин кошумчалап, куугунтук көргөн саясатчылардын катышуусу менен иштелип чыккан Баш мыйзам туруктуу болорун белгиледи:

«Саясий куугунтукка кабылган адамдар катышса, өмүрү узак, элибизге пайда алып келе турган Конституция түзүлөт деп ойлойм. Мен конституциялык реформаны колдойм. Ал эми анын долбоору кандай болот, колдоймбу же жокпу, аны окугандан кийин айта алам. Бийликтин тең салмактуулугу, адам укуктары кандайча жазылат, жеке менчик кандайча корголот, коопсуздук кандай болот...»

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо январь айына белгиленди, ал эми парламенттик кайра шайлоону бийлик Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөргөнү жатат. Азырынча реформага сунушталган долбоор тууралуу расмий маалымат жок. Бирок анда мамлекетти башкаруу формасы, парламенттин курамы сыяктуу маселелер негизги болору айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG