Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Султангазиев: Пандемия маалында чоңдор элди чогултуп жатканы абдан туура эмес


Баткен. 2020-жылдын 2-ноябры.
Баткен. 2020-жылдын 2-ноябры.

2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде эл жык-жыйма толгон стадиондо жолугушуу өткөргөнүн медицина адистери сындап жатышат. Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев муну коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал режимин бузуу катары баалады.

Ал «Азаттык» менен болгон маегинде «бир жагынан Саламаттык сактоо министрлиги элдин топтолушуна тыюу салып, «той өткөрбөгүлө» деп айтып жатса, экинчи жагынан биздин чоңдор элди чогултуп жатканы абдан туура эмес» деп билдирди.

Президенттик аппарат мындай дооматтарга жооп кайтарды.

Жапаровдун кеңешчиси Дастан Дүйшөкеев «Азаттыкка» маалымат берип, бул аймакта жылдап каралбай жаткан маселелер бар экенин, эл аларды тез арада чечүүнү талап кылып жатканын, президенттин милдетин аткаруучу жолугушууга келгендердин арыз-муңун угуш үчүн барганын, чек ара көйгөйү коронавирус сыяктуу эле курч маселе экенин айтты. Ошону менен катар ал стадиондо чогулган эл бардык суроолоруна так жооп алганын, кире бериште ар бирине бекер беткап таратылып, дезинфекциялоочу каражат менен камсыз болушканын кошумчалады.

Баткендеги Жапаров менен жолугушуу өткөн борбордук стадиондо эки миң кишилик орун бар. Кечээ ал жерде бош орун калбай, эл топтолгонун иш-чарадан тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Соңку күндөрү Кыргызстанда коронавирус кайра күчөп, абал көбүнчө Баткен облусунда оор экени расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG