Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Бүгүн АКШда президенттик шайлоо өтөт


Жо Байден жана Дональд Трамп.
Жо Байден жана Дональд Трамп.

Бүгүн, 3-ноябрда Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өтөт. Бул жолу мамлекет башчылыкка азыркы президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

Трамп экинчи мөөнөткө Ак үйгө калабы же Байден АКШнын эң улгайган президенти болобу, азырынча белгисиз.

Кечээ Огайо штатында эл менен жолугушууда Байден «эртең биздин элди экиге бөлүп турган президенттин мөөнөтү соңуна чыгат» деп белгилеп, Трампты «уят болгон жана алсыз саясатчы» деп атады.

Ал эми Трамп Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып «Байденди колдогондор элдин оозун жаап, баарыңарды жазалагысы келип турган коммунисттерге, социалисттерге, эки жүздүү бай либералдарга жол ачып берет» деп айтты.

XS
SM
MD
LG