Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

Бажы кызматы: мыйзамсыз машине ташып келүүдөн казына 80 млн. сомдон ашык зыян тарткан


Бишкектеги машина базар.
Бишкектеги машина базар.

Мамлекеттик бажы кызматы Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ), анын ичинде Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып кирген 52 автоунааны аныктады. Мекеменин маалыматына караганда мыйзамсыз иштин натыйжасында мамлекеттик казына 81 млн. 742 282 сом зыян тарткан.

Учурда чогулган материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерден машине ташып келүүдө жогорку тариф менен бажы салыктары алынат. Адистер ушундан улам машине ташып келүүдө коррупциялык схемалар түзүлгөнүн белгилешет. ЕАЭБ эски машинелерден арылыш үчүн ушундай эреже киргизген. (TSh)

XS
SM
MD
LG