Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан жаайт


Оштогу күз.

Синоптиктер билдиргендей, 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 6...11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...2, күндүз 6...11,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 10...15,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...3, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5° болот.

4-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болот.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG