Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Жапаровдун эл менен жолугушуусунда Зулушевдин өкүл баласы аким болгону айтылды (видео)


Курманкул Зулушев, башкы прокурор.
Курманкул Зулушев, башкы прокурор.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуп жатканда «Өзгөн районунан келдим» деген аял башкы прокурор Курманбек Зулушевдин өкүл баласы районго аким болгонун айтып нааразы болду.

«Сен өзүңдүн оозуң менен айтып жатасың, «коррупциясы жок акимдерди, башкаларды жумушка алып жатабыз» деп. Бирок мен Өзгөн районунан келдим, Өзгөн менен Советтин акими тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Өзгөн районунда Зулушевдин өкүл баласы аким болду. Ушуга көз кырыңды салып койсоң», - деди суроо бергендердин бири.

Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча алмашып жаткан кадрлар убактылуу экенин айтып, конституциялык реформалардан кийин кадрлар кылдат каралып тандаларын айтты.

Жапаровдун Конституция, "үчүнчү күчтөр" жана кадрлар тууралуу пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00


Turmush.kg cайты 21-октябрда Өзгөн районунун акими болуп Руслан Мейматкулов дайындалганын жазды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Өзгөн районунда туулган. Зулушевден жаңы район башчысы менен жакындыгы жөнүндө маалыматты тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун жетекчилигине келген Абсаттар Сыргабаев өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экенин ырастаган.

Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев быйыл 6-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген Садар Жапаровдун саясий өнөктөштөрү экени белгилүү. (TSh)

XS
SM
MD
LG