Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

USAID Борбор Азия экономикасын калыбына келтирүү боюнча форум уюштурат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавирустан кийинки экономикасын калыбына келтирүү маселесине арналган аймактык форумга катышат. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) быйыл онунчу жыл уюштуруп жаткан аймактык соода боюнча эл аралык форум виртуалдык форматта 16-20-ноябрь күндөрү өтөт.

Быйылкы форумдун темасы – «Борбор Азия – өнүгүү жана гүлдөп өсүү». Ага эл аралык жана жергиликтүү эксперттер катышып, пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн аймактагы бизнеске тийгизген таасири, туризм тармагын калыбына келтирүү, аймактык энергетикалык жана электрондук соода-сатыкты жакшыртуу, жеке сектордун жана мамлекеттин ортосунда диалог түзүү, ишкер аялдардын тажрыйбасы сыяктуу маселелерди талкуулашат.

Форум алкагында аймактагы беш өлкөнүн 20дан ашуун өндүрүүчү ишканаларынын ортосунда кызматташтык тууралуу онлайн сүйлөшүү жүргүзүүгө шарт түзүлүп берилет.

USAID агенттигинин маалыматына караганда, соңку он жыл ичинде Борбор Азия республикаларынын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе көбөйүп, жылына алты миллиард долларлык көрсөткүчкө жетүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG