Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Жогорку Кеңеш БШК мүчөсүн шайлоо маселесин карайт


Жогорку Кеңештин президиуму.
Жогорку Кеңештин президиуму.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-ноябрда жалпы жыйынга чогулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсүн шайлоо тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети кечээ БШКнын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, жалпы жыйындын кароосуна жөнөттү.

2010-2011-жылдары Боршайкомдун төрагасы, 2002-2008-жылдары мүчөсү болгон Сариев талапкерлиги коюлуп жатканын «Азаттыкка» тастыктап, аны «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөнүн айтып берген.

Буга чейин парламент БШКнын оппозициялык квотадан мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын өзү жазган арызына ылайык токтоткон.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен президент, парламенттеги коалициялык көпчүлүк жана коалициялык азчылык көрсөтөт.

Боршайкомдун мүчөсүн тандоодон тышкары депутаттар бүгүн «Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Аквамаданият, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулайт. (RK)

XS
SM
MD
LG