Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

БУУ Венадагы кол салууну кескин айыптады


Вена шаары.
Вена шаары.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Австриянын борбор шаары Венадагы кол салууну кескин айыптоодо. Уюмдун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дужаррик 3-ноябрда Нью-Йорктогу брифингде сүйлөп жатып:

«Баш катчы (Антонио Гуттериш – ред.) кол салууну кескин айыптап, Бириккен Улуттар Уюму Австриянын эли жана өкмөтү менен тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең көңүл айтып, жараат алгандардын тезирээк сакайышын каалады», - деп айтты.

2-ноябрда Венанын алты жеринде ок атуу менен коштолгон кол салуу болгон. Соңку маалыматка караганда, төрт адамдын өмүрү кыйылды, 22 адам түрдүү жараат алды.

Австриянын бийлиги окуяга байланыштуу 14 адам кармалганын кабарлады. Кол салгандардын бири полиция менен атышуу учурунда каза болгон. Ал Австриянын жана Түндүк Македониянын жарандыгы бар 20 жаштагы адам экени аныкталды.

Венадагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин 3-ноябрда Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин маалыматына таянып Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Коркунуч ыктымалдыгы жогору болуп жаткандыктан Венадагы кыргыз жарандарына эл көп топтолгон жерлерге барбай, коомдук транспортко түшпөй коё туруу сунуш кылынды. (RK)

XS
SM
MD
LG