Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Демократтар Сенатта көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп турушат


Калифорниядагы добушкана. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Калифорниядагы добушкана. 3-ноябрь, 2020-жыл.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өтүп жатат. Республикачыл партиядан 23 сенатор кайра шайланып келүүнү көздөп турат. Демократиялык партия 12 мандатын коргоо менен бирге Сенатты көзөмөлгө алууну максат кылып жатат.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, азырынча демократтардын сегиз, республикачылардын беш сенатору кайра шайланганы белгилүү болууда. Колорадо штатында гана республикачыл сенатор Кори Гарднер Сенаттагы ордун демократтардын талапкери Жон Хикенлуперге уттуруп жибергени кабарланды.

Соңку эки жылдан бери демократтар Конгресстин Өкүлдөр Палатасын, республикачылар Сенатты көзөмөлдөп келишет. 2018-жылдагы орто мөөнөттүк шайлоодон кийин республикачылар Сенаттагы 53 мандатка ээ болушкан.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден үзөңгүлөш келе жатат.

XS
SM
MD
LG