Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

АКШнын бир катар штаттарында добуш саноо уланууда


Вашингтон, АКШ. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Вашингтон, АКШ. 3-ноябрь, 2020-жыл.

АКШдагы 50 штаттын 33үндөгү добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыяланууда. Ага ылайык, республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп Алабама, Арканзас, Айдахо, Индиана, Канзас, Кентукки, Луизиана, Миссисипи, Миссури, Түндүк жана Түштүк Дакота, Огайо, Оклахома, Теннеси, Техас, Юта жана Батыш Виржиния (Виргиния) штаттарында алдыда баратат.

Демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден Калифорния, Колорадо, Коннектикут, Делавэр, Иллинойс, Массачусетс, Нью-Гэмпшир, Нью-Мексико, Нью-Жерси, Нью-Йорк, Орегон, Род-Айленд, Вермонт, Виржиния, Вашингтон штаттарында жана Колумбия округунда добуштардын көбүн алганы кабарланууда.

Мындай алдын ала тыянакка ылайык, учурда Трамп шайлоочулар коллегиясынын кеминде 159 мүчөсүнүн добушуна ээ болууда. Байден шайлоочулар коллегиясындагы бери дегенде 194 добушту топтоду.

Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат. Баштапкы эсептөөлөргө ылайык, Дональд Трамп чечүүчү штаттардын бири болуп саналган Флоридада алдыда келе жатат. Бул штатта шайлоочулар коллегиясынын 29 мүчөсү бар.

АКШда айрым штаттарда добуш берүү дагы эле уланып жатат. Бул шайлоодо 100 миллиондой америкалык жаран алдын ала добуш берүү укугунан пайдаланды. Пенсилвания сыяктуу штаттарда добуштарды саноо мурдагы шайлоого салыштырмалуу узагыраак убакытты талап кылышы мүмкүн экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG