Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев кармалганы кабарланды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын У.Р аттуу мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдады.

24.kg маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булагына таянып кармалган киши энергетика тармагында эксперт катары таанымал Расул Умбеталиев экенин жазды. Умбеталиевдин өзү же жактоочусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Атайын кызматтын тараткан маалыматына ылайык, кармалган шектүү 2020-2021-жылдардагы күз-кыш сезонуна көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субъектиден акча талап кылган. Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча катталды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталганы кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG