Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды


Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов төрага болуп шайланды. Анын талапкерлигин 100 депутат колдоп, бир депутат каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Марлен Маматалиев жыйында жарыялады.

Буга чейин ушул эле күнкү жыйында Канатбек Исаев президенттик шайлоого талапкер болуп жаткандыгына байланыштуу төрагалык кызматтан баш тартканын жарыялаган. Өткөн аптада Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирип, ордуна Талант Мамытовду коюу боюнча депутаттар кол топтоп жатканы кабарланган.

Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири.

Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп калса, анын ордуна спикер президенттин милдетин аткарып калат.

10-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышарын Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бектур Асанов баштаган алты саясатчы буга чейин билдирген.

Канатбек Исаев төрага болуп 13-октябрда дайындалып, бирок Сооронбай Жээнбековдун ордуна президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан. Өз кезегинде премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп 15-октябрда бекитилген. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG