Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Зулушев: Башкы прокуратура саясатка аралашпайт


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Прокуратура органы саясаттан тыш иш алып барат. Бул тууралуу 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге басма сөз жыйынында билдирди.

«Прокуруратура - мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган. Өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарынын негизинде саясаттан тыш алып барат. Саясий куугунтук менен алектенбейт. Биз коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзөбүз. Бул багытта иштер күчөтүлөт. Эл оозунда айтылып жүргөн бажы, салык, медицина, курулуш жана башка тармактарга текшерүүлөр уюштурулат. Мен бул кызматтагы укуктарымды жана милдеттеримди саясаттан тыш болуп, так аткарышым керек», - деди Зулушев.

Курманкул Зулушев 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмеси менен келген. Ал коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган.

21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында Зулушевдин талапкерлиги башкы прокурорлук кызматка көрсөтүлүп, 85 депутаттын 84ү колдоп добуш берген. (MiK)

XS
SM
MD
LG