Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Польшада өкмөт абортко каршы сот чечимин аткарууну кийинкиге калтырды


Польшадагы абортко каршы акция.
Польшадагы абортко каршы акция.

Польшанын өкмөтү медициналык себептен улам аялдарды бойдон алдырууга тыюу салган сот чечимин аткарбай турат. Буга өлкө жарандарынын сот чечимине каршы акциялары себеп болду. Польшанын премьер-министринин кеңсе башчысы Михал Дворчик британиялык «Guardian» басылмасына «талкуу жүрүп жатат, бул татаал, эмоциялуу кырдаалдан чыгыш үчүн жаңы позицияга жана диалогго көңүл бурулса жакшы болмок» деп билдирген.

Дүйнөдө бойдон алдырууга тыюу салган эң катаал эрежелердин бири Польшада кабыл алынган. Бул өлкөдө эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда, аял зордукталганда жана баланын түйүлдүк кезинде майып экени белгилүү болгондо гана аборт кылууга уруксат берилген.

Бирок быйыл Польшанын Конституциялык соту түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталгандарды бойдон алдырууга тыюу салган.

Андан соң өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нааразылык акциялары өткөн. Борбор шаар Варшавада 30-октябрда өткөн акцияга эле 150 миңдей киши катышкан. Алар жолдорду бууп, чиркөөлөрдөгү жөрөлгөлөрдү үзгүлтүккө учураткан.

Польшада жыл сайын легалдуу жол менен миңден ашык аял бойдон алдырат. Алардын 98% түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталган соң ишке ашат.

XS
SM
MD
LG