Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Вице-премьер-министр пандемияда сырттан келген акча боюнча комиссия түзүлөрүн билдирди


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өлкөдө коронавирустун жайылышы, эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берди. Сурабалдиева депутаттардын пандемия учурундагы сырттан келген каражаттар, жарандардын насыя төлөө маселеси жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып, мурунку өкмөт мүчөлөрү каржы боюнча отчёт бербей кеткенин билдирди.

«Насыялар боюнча орчундуу маселе, муну парламент өзүнчө караса болмок. Ал эми убагында алынган насыялар боюнча буга чейинки өкмөттүн, буга чейинки бийликтин тушунда бир топ суроолор жаралган. Ошолор боюнча азыр өкмөттө атайын комиссия түзүп, карайлы деп жатабыз. Канча каражат келгени боюнча бир да өкүлчүлүгү отчёт бербей кеткен. 700 млн. доллар кайда кеткенин эл азыркыга чейин билбейт. Бул боюнча мекеме аралык комиссия түзүлүп жатат. Пандемияда жарандардан чогулган акча да кайда кеткенин иликтеш керек деп ойлойм», - деди Сурабалдиева.

9-сентябрда ошол кездеги вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан эл аралык донорлордон 338 млн. доллар алганын билдирген. Асрандиев анын басымдуу бөлүгү насыя экенин, алынган каражаттын ичинен 207 млн. доллары сарпталганын айткан. Калган 131 млн. доллар Улуттук банктын эсебинде турат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев донорлордон алынган акчанын канчасы насыя, канчасы грант экени жана анын сарпталышы боюнча толук маалымат берген эмес.

Өкмөт буга чейин тараткан маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алынган каражаттын көбү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пул төлөөгө жумшалды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы төрт млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен төрт млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Июль айында мамлекеттин карызы 50,09 млн. долларга көбөйдү. 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы төрт млрд. 599,47 млн. (371 млрд. 683,52 млн. сом) доллар болчу.

Июль айынын аягындагы көрсөткүч боюнча мамлекеттин карызы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 63,49% түздү.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - бир млрд. 861,00 млн. доллар (44,7%) көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. Бир млрд. 776,29 млн. доллар (42,6%) Кытайдын Эксимбанкына туура келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG