Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Министр депутаттарды санитардык эрежени сактоодо үлгү болууга үндөдү


Жогорку Кеңештин мамлекеттик резиденцияда өткөн отурумдарынын бири.
Жогорку Кеңештин мамлекеттик резиденцияда өткөн отурумдарынын бири.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 5-ноябрындагы жалпы жыйынында сүйлөп жатып, эл өкүлдөрүн коронавирус пандемиясына байланыштуу санитардык эрежелерди сактоодо жалпы коомчулукка үлгү көрсөтүүгө чакырды.

«Баарыбыз чогуу күрөшпөсөк коронавируска уттуруп коёбуз. Биринчиден, депутаттар Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн эрежени колдоно баштасаңар, элдин баары силерди карап жатат. Мен өкмөт жыйындарында да беткап тагынып, аралыкты сактоону айтып жатам», - деди министр.

2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде эл жыкжыйма толгон стадиондо жолугушуу өткөргөнүн айрым медицина адистери сындап чыгышкан. Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев муну коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал режимин бузуу катары баалаган.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Дастан Дүйшөкеев «Азаттыкка» маалымат берип, бул аймакта жылдап каралбай жаткан маселелер бар экенин, эл аларды тез арада чечүүнү талап кылып жатканын, президенттин милдетин аткаруучу жолугушууга келгендердин арыз-муңун угуш үчүн барганын, чек ара көйгөйү коронавирус сыяктуу эле курч маселе экенин айтты. Ошону менен катар ал стадиондо чогулган эл бардык суроолоруна так жооп алганын, кире бериште ар бирине бекер беткап таратылып, дезинфекциялоочу каражат менен камсыз болушканын кошумчалады.

Баткендеги Жапаров менен жолугушуу өткөн борбордук стадиондо эки миң кишилик орун бар. Ал жерде бош орун калбай, эл топтолгонун иш-чарадан тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Кийинки күндөрү Бишкек шаары, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары коронавирус көп жайылган аймактар деп эсептелүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG