Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:21

«Жан кирген сүрөттөр» көргөзмөсү ачылат


«Жан кирген сүрөттөр» долбоорунун катышуучулары.

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте борбор калаанын «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы уюштурган уникалдуу долбоордун алкагында сүрөт көргөзмөсү ачылат.

«Жан кирген сүрөттөр» аттуу иш-чарада бул мекеменин жумушчуларынын концерттик программасы да тартууланат.

Долбоор Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейи менен бирге уюштурулган. Бишкекти жашылдандыруу иштерин аткарган, бак жана гүл тигип, аларды баккан жумушчулар белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектериндеги каармандардын образында фотосүрөткө түшкөн. Бүгүнкү көргөзмөгө ошол сүрөттөр коюлат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG