Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Улукбек Өмүрзаков өзүнө айтылган сынды четке какты


Ош облусунун прокурору Улукбек Өмүрзаков жана анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева маалымат жыйында. 5-ноябрь, 2020-жыл. Ош шаары.
Ош облусунун прокурору Улукбек Өмүрзаков жана анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева маалымат жыйында. 5-ноябрь, 2020-жыл. Ош шаары.

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүнө карата айтылган билдирүүлөрдү четке какты.

Ал «Өмүрзаковдор айрым кишилерге кысым көрсөтүп, акчалуу адамдардан үлүш алып жатат» деген сөздөрдү жалган деп баалады.

Өмүрзаков жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго анын Оштогу эл менен жолугушуусу учурунда даттангандан кийин милицияга өзү кайрылганын айтты. Өзүнө жана бир туугандарына карата дооматтарды көмүр казган «Жол Чырак жана Ко» ишканасы боюнча талашка байланыштырды.

Аны бир жылга чукул кайтарган «Мухаммед-Умар» күзөт агенттиги мыйзамдуу иш жүргүзгөнүн билдирди.

Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын билдирген.

Өмүрзаковдордун бири – Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысынын орун басары, анын иниси Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштейт. (DU)

XS
SM
MD
LG