Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

«Пандемия мени кандай өзгөрттү?» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Сынактын катышуучусу Адил Какеновго «Азаттык Медиа» мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева сыйлык тапшырып жаткан учур. 6-ноябрь, 2020-жыл.
Сынактын катышуучусу Адил Какеновго «Азаттык Медиа» мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева сыйлык тапшырып жаткан учур. 6-ноябрь, 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынын эл турмушуна тийгизген таасирин чагылдыруу максатында «Азаттык» радиосу угармандар арасында жарыялаган «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 90дой баян келип, техникалык сапаты жарактуу 60 баян azattyk.org сайтына, социалдык желеге жана подкаст платформаларга жарыяланды.

Катышуучулар пандемиянын жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышты. Алардын эң жашы 12де, улуусу 80 жашта.

Калыстар тобу биринчи, экинчи, үчүнчү орун кылып бөлүп отурбай, 12 катышуучунун эмгектерин мыкты деп тапты. Аларга 40ына заманбап үлгүдөгү смартфондор, турмуш-тиричилик буюмдары жана китептер белекке берилди.

Андан тышкары, дагы жети катышуучу кызыктуу баяндарды жөнөткөнү үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу деп табылды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 6-ноябрда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде өттү. (SE)

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурун бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG