Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 7-ноябрда өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 8...13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...4, күндүз 10...15,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 16...21,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...3, күндүз 16...21,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...4 градус болот.
Бишкек шаарында 7-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21 градус болот.