Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасына кайра которулду


Прокурор Улукбек Өмүрзаков басма сөз жыйынында. 5-ноябрь, 2020-жыл, Ош шаары.
Прокурор Улукбек Өмүрзаков басма сөз жыйынында. 5-ноябрь, 2020-жыл, Ош шаары.

Прокурор Улукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасына бөлүмдүн прокурору болуп Баткен облусунан кайрадан Ошко 16-октябрда которулду. Бул туурасында Өмүрзаков 5-ноябрь күнү басма сөз жыйынын өткөрүп жатып айтты.

Анын айтымында Ошко которулушуна үй-бүлөлүк шарты себеп болгон.

«Мени которгондо (Баткен облусуна) бул жакка да Өткүрбек Жамшитов которгон. Себиби үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу «шаардагы үйүмө которгула» деп арыз жаздым. Буйрукта да «Өмүрзаковдун арызынын негизинде» деп жазылып турат», - деди ал.

Улукбек Өмүрзаковду дайындаган башкы көзөмөл органынын жетекчиси Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинде дайындалып, 2020-жылдын 21-окябрында өз арызы менен иштен кеткен.

Улукбек Өмүрзаков 2018-жылы Баткен облустук прокуратурасына бөлүмдүн прокурору болуп Оштон которулуп кеткен. 2015-жылдан тартып Ош облустук прокуратурасында иштеп келген.

Анын бир тууган агасы Сүйүн Өмүрзаков 2016-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп иштейт. Өмүрзаковдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мухамед-Умар» аттуу коомдук бирикме, спорт клуб жана күзөт агенттиги бар.

«Мухамед-Умардан» жапа чеккендер буга чейин «Азаттыкка» бир нече жолу кайрылышкан. Алардын акыркысы Канназар Ыдырысов кысым көргөнүн билдирип, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго да кайрылган. УКМК Улукбек Өмүрзаковдун үстүнөн териштирүү иштери башталганын билдирди. Улукбек Өмүрзаков алардын үй-бүлөсүнө карата айтылган сөздөрдү 5-ноябрда уюштурган басма сөз жыйынында четке какты. (DU)

XS
SM
MD
LG