Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Тбилисиде демонстранттар менен полиция кагылышты


Тбилиси, 8-ноябрь, 2020-жыл.
Тбилиси, 8-ноябрь, 2020-жыл.

Грузиянын борбору Тбилисиде демонстранттар менен полиция кагылышты. Тартип сакчылары митингчилерге каршы суу бүркүп, айрым маалыматтарга караганда көздөн жаш чыгарчу газ да колдонушту.

8-ноябрда оппозиция тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында «Өз добушуңду корго!» деген ураан менен митинг уюштурган. Акцияга чыккан миңдеген адамдар 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдиришти.

Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын 48,23% добушун алган. Ошондой эле бир мандаттуу 13 аймакта аталган партиянын талапкерлери жеңишке жеткен.

17 аймакта, анын ичинде Тбилисиде 21-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

Шайлоонун жыйынтыгын оппозициядагы бир да партия тааныган эмес. Ушундан улам парламенттин жаңы чакырылышына өткөн оппозициячыл депутаттар өз мандаттарынан баш тартышты. Андан бери Грузияда толкундоо токтой элек.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламенттеги 150 депутаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

XS
SM
MD
LG