Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:40

ӨКМ: «Орто-Сай» базарындагы өрт өчүрүлдү, адамдар жабыркаган жок (видео)


«Орто-Сай» базарында өрт чыкты. 2020-жылдын 9-ноябры.

9-ноябрга караган түнү Бишкектеги «Орто-Сай» базарында чыккан өрттөн, баштапкы маалыматка караганда, адамдар жабыркаган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт саат 00:18де, базардын Сүйөркулов көчөсүнө жакын тарабында башталган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү беш машине барган.

Саат 02:16да өрт чектөөгө алынып, эртең мененки саат 8:55де толук өчүрүлдү.

Өрт каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түзүүдө.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. (RK)

Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG