Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

УКМК «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалганын кабарлады. Мекеменин 9-ноябрдагы маалыматына караганда, ал адам жашыруун диний-экстремисттик уюмдарга бөгөт коюу максатында милиция менен бирге уюштурулган иш-чаранын алкагында 3-ноябрда кармалган.

Ал Конституцияга каршы чакырык таштап, Кыргызстанда тыюу салынган идеологиялык принциптерди жана идеяларды жайылткан деп шек саналууда.

Факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен каттоого алынды. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалып, сотко чейинки териштирүү башталды.

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG