Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Садыр Жапаров: Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура баштайбыз


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭС каскады» ишканасына барды. 2020-жылдын 9-ноябры.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭС каскады» ишканасына барды. 2020-жылдын 9-ноябры.

Жогорку Нарын ГЭС каскады курула баштайт. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарынга иш сапары менен барганда эл менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди:

«Кудай буюрса муну кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек».

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров бул энергетикалык объектиге байланыштуу соттук териштирүү маселеси анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

«Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын айтып, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Быйыл май айында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG