Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Жо Байденди Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 9-ноябрда кабарлады.
Жапаровдун куттуктоо катында «Бүгүн АКШ өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндөгү негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөр алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн кыргыз-америка мамилелерин жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем» деп жазылды.
АКШда 3-ноябрда өткөн шайлоодо мурдагы вице-президент Жо Байден жеңгени 7-ноябрда белгилүү болду.
Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы келишим даярдалып жатканы эки жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек. (RK)