Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендерден арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого катышкысы келгендерден арызды 15-ноябрга чейин кабыл алат.

Талапкер болгусу келгендер арыз берген соң 7-декабрга чейин колдоочуларынан 30 миңден кем эмес кол чогултуп, документтерин даярдап, миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коюшу кажет. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 14-декабрда аяктап, 15-декабрда үгүт иштери башталат» , - деди Бекматов.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчылыкка ат салышкысы келгендерди партиялар көрсөтсө болот же жаран өзүн өзү сунуш кыла алат.

Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Абыкаар Сыдыков, Бектур Асанов, Сазыкбай Турдумалиев, Канатбек Исаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Нурлан Мотуев расмий арыз тапшырган.

Шайлоого катышуу ниетин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Садык Шер Нияз, өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG