Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:33

Кыргызстанда доллар менен евронун кымбатташы уланууда


АКШ долларынын валюта тармагындагы белгиси.
АКШ долларынын валюта тармагындагы белгиси.

Улуттук банктын эсеби менен бир АКШ долларынын наркы 83 сом 81 тыйынга барабар болуп турат. Жеке менчик акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 84,5 сом деп бааланууда.

Ал эми бир евронун расмий курсу дээрлик 100 сомго тең.

Сомдун чет элдик валюталарга катышы тууралуу расмий эсеп акыркы ирет 7-ноябрда жарыяланган.

Бир жыл мурун ушул мезгилде доллар 69 сомдун, евро 83 сомдун тегерегинде эле.

1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанат. Башкы банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартууга аракет кылат.

Бул жолу доллар жана евронун кымбаттап кетишине негизинен суроо-талаптын күчөшү, чийкизаттын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болгону айтылды. Ушундан улам азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап баратат. (SE)

XS
SM
MD
LG