Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

COVID-19: Венгрия чектөө чараларын катаалдаштырды


Венгрия армиясы мекемелерди дезинфекциялоого тартылды.
Венгрия армиясы мекемелерди дезинфекциялоого тартылды.

Венгриянын өкмөтү коронавирус пандемиясы күч алганына байланыштуу өлкө аймагына катаал карантин чараларын киргизди.

9-ноябрда «Фейсбукта» жарыяланган видеодо өкмөт башчы Виктор Орбан кечки саат сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилерин билдирди.

10-ноябрдан тартып бардык мекемелер саат 19:00гө чейин жабылышы керек. Ал эми спорттук таймаштар күйөрмандарсыз өтүп, жеке жана үй-бүлөлүк иш-чараларга ондон көп адам чогулбоого тийиш.

Бала бакчалар жана мектептин башталгыч класстары ачык бойдон калат. Ал эми университеттер жана жогорку класстар аралыктан окууга өтүшөт.

Жаңы чектөөлөр кеминде 30 күнгө киргизилди.

Расмий маалыматка ылайык, 9-ноябрда беш миңден көп жаңы учур катталып, 55 адам көз жумду. Коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны үч миңге чамалады.

XS
SM
MD
LG