Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Аскердик тик учакты атып түшүргөнү үчүн Азербайжан Орусиядан кечирим сурады


Ми-24 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ми-24 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армения менен чектеш аймакта Орусиянын Ми-24 аскердик тик учагын атып түшүргөнү үчүн Москвадан кечирим сурады.

Расмий кабарга ылайык, тик учак Армения менен Азербайжандын чек арасына жакын жерде учуп бараткан. Ушул тапта Тоолуу Карабакта салгылашуу жүрүп жатканын эскерткен Азербайжан тик учак караңгы маалда учуп жүргөнүн, Орусиянын тик учактары мурда бул аймакта болбогонун кошумчалады.

Баку бул окуя үчүн Москвага кенемте төлөп берүүгө макул болду. Кремль комментарий бере элек.

Ми-24 тик учагы кулаганы тууралуу 9-ноябрда кечинде Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат тараткан. Тик учак чек арадан алыс эмес жерде, Армениянын аймагында атып түшүрүлгөн. Орусиялык эки аскер өлүп, бирөө жарадар болгон.

Арменияда Орусиянын аскердик базасы бар.

XS
SM
MD
LG