АКШнын президенти Дональд Трамп коргоо министри Марк Эсперди кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Буйрук кол коюлар замат күчүнө кирди.
Эспердин ордуна коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп Террорго каршы күрөш боюнча улуттук борбордун директору Кристофер Миллер дайындалды. Бул тууралуу Трамп «Твиттерге» жазды.
3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келаткан Трамп Пентагондун башчысын эмне себептен жумуштан алганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.