Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

ШКУ жыйынына БУУнун баш катчысы видеокайрылуу жибере турганы кабарланды


Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин башчылары 10-ноябрда онлайн жыйынга чогулушат. Алар глобалдык коркунучтар жайылып бараткан шартта альянстын көп тараптуу кызматташтыгын бекемдөөнү сүйлөшөт.

Жыйынга Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров катышарын анын басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Саммиттин катышуучуларына БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да видео аркылуу кайрыларын Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйындын соңунда коопсуздук, экономика, санарип технологияларын жайылтуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, эпидемияга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы Москва декларациясына жана бир катар документтерге кол коюлат.

ШКУ 2001-жылы түзүлгөн. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Индия жана Пакистан бар. (SE)

XS
SM
MD
LG