11-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 10…15;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16 градус болот.