Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Былтыр Саймаитини өлтүргөн жалданма киллерлер тууралуу иликтөө жарыяланды (видео)


Саймаити окко учкан Стамбулдагы кафе. 10-ноябрь, 2019-жыл.
Саймаити окко учкан Стамбулдагы кафе. 10-ноябрь, 2019-жыл.

Түрк полициясынын тергөө материалдары Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити кыргыз аткаминеринин өч алуусунан коркуп жүргөнүн айгинелейт.

«Азаттык» радиосунун жаңы иликтөөсүндөгү материалдарга караганда, Кыргызстанда акча адалдаштыруу менен алектенген Айеркен Саймаити былтыр Стамбулда киши колдуу болгонго чейин кокус ага бирдеме болсо, ал үчүн таасирдүү кыргыз аткаминери жооптуу болорун айткан.

«Азаттык радиосунун» өнөктөштөрү менен жасаган жаңы иликтөөсү 10-ноябрда кытайлык уйгур ишкер, Кыргызстандан жүз миңдеген доллар чыгарып кетүүгө аралашкан Айеркен Саймаитинин атып өлтүрүлгөнүнүн бир жылдыгына тушташ жарыяланды.

Саймаитинин өлүмү: Киллерди ким жалдаган?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:30 0:00

Саймаити киши колдуу болгонго чейин журналисттерге казак паспорту бар, кытайлык уйгур ишкер Хабибула Абдукадырдын акчасын кантип адалдаштырып бергенин далилдеген документтердин топтомун берген. Абдукадыр Борбор Азияда жана анын сыртында жүк ташуучу чоң тармакты иштеткен.

Саймаити атып өлтүрүлгөндөн эки аптадан кийин «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөө кыргыз бажысынын жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимов акча адалдаштыруу системасында негизги фигура болгонун көрсөтөт.

Түрк полициясынын ачыкка чыгып кеткен тергөө материалдары ырастагандай, Саймаити киши колдуу болордун алдында аялына кокус ага бир нерсе болсо анын артында Матраимов менен Абдукадыр турарын айткан.

Саймаитинин жесири Вуфули Бумаилиами түрк полициясына «ал «мен непадам бир нерсе болуп кетсем, ушул кишилер өлтүртүшү мүмкүн экенин полицияга айтып беришиң керек» деп айткан» деген көрсөтмө берген.

Матраимов – Кыргызстанда таасирдүү фигура. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоонун аркасы менен бийлик алмашкан соң ал коррупцияга байланыштуу шек менен кармалган. Сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен бошоткон.

Стамбул полициясы «Райымбек Матраимов же Хабибула Абдукадыр тергөөгө чакырылды беле?» деген сурообузду жоопсуз калтырды.

Саймаитини өлтүрүү үчүн шектүү катары төрт киши кармалган, алардын бири ок аткан киши. Алардын баарына айып коюлган. Түркиянын укук коргоо органдары иликтөөнүн чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес.

«Азаттык» радиосу менен өнөктөштөрүнүн колуна тийген тергөө материалдарында Саймаитини атып өлтүргөн Абдулла Энвердин көрсөтмөсү бар.

Биринчи суракта Энвер полицияга Кыргызстанда туулганын айткан. Ал Сириядагы исламчыл жоочулардын лагеринде Борбор Азиядан чыккан башка бир согушкер менен чогуу жүргөнүн айткан. Ал согушкер Саймаитини «динбезер» деп, анын көзүн тазалоо үчүн 100 миң доллар убада бергенин тергөөдө билдирген.

Энвер Саймаитини мурда тааныбаганы, акча үчүн бул ишке макул болгону тергөөнүн материалдарына айтылат.

Июнь айында Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн тегерегиндеги жайгдайларды иликтеген парламенттик комиссия корутунду даярдаган. Бирок анда кылмышка эмне түрткү болгону жана ага ким буйрук бергени айтылбайт.

Депутаттык комиссия «Азаттык» радиосунун өнөктөштөрү менен жасаган коррупция тууралуу иликтөөлөрүндөгү материалдарга көңүл бурбаганы үчүн сынга калган.

Райымбек Матраимов иликтөөнүн авторлоруна Саймаити менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген. 9-ноябрда бизге жиберген электрондук катында Саймаити өлтүрүлгөн маалда Стамбулда жүргөнүн жана түрк полициясы аны суракка чакырбаганын билдирген.

Хабибула Абдукадыр комментарий сураган өтүнүчкө жооп берген жок.

XS
SM
MD
LG