Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Беларуста үч күн мурун иштей баштаган АЭСте авария болду


Беларус АЭСи.
Беларус АЭСи.

Төрт күн мурун иштей баштаган Беларус атомдук электр станциясы электр энергиясын өндүрүүнү токтотту. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Tut.by басылмасынын булагы станциядагы бир нече чыңалуу трансформатору жарылып кеткенин өз булагына таянып кабарлады.

Электр станциясы расмий түрдө 7-ноябрда ачылган. Ага чейин төрт күн мурун электр жарыгын өндүрө баштаган. Бул объект Орусия берген насыянын эсебинен жана анын долбооруна ылайык курулган.

Электр станциясынын курулушуна Беларустагы экологиялык активисттер каршы чыккан. Ошондой эле долбоорго коңшу Литванын бийлиги да каршылыгын билдирген. Бирок расмий Минск сөз болуп жаткан атомдук электр станциясы коопсуз экенин жана эл аралык талаптарга жооп берерин маалымдаган.

Tut.by басылмасы дал ушундай эле авария буга чейин Ленинград атомдук электр станциясында болгонун жазып жатат.

XS
SM
MD
LG